Баары эле Биткоин дешет

13-Янв. 2018, Ишемби, 16:27

Акыркы мезгилдерде кайсы жерде болбосун Биткоин тууралуу кеп кылгандар көп. Мынчалык сөз болгонуна көп акча алып келгени, аны табуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорулугу себеп экен.

Тездик менен өскөн секторго айланган электрондук акча бирдиги келип чыкты. “E-coin” делген бул акчанын келечектеги орду ар кимде ар кандай ойлорду жаратууда. Бул боюнча алгач мындай суроо жаралат. Башкача айтканда анын келип чыгуусуна байланыштуу.

“Блокчейн” системасы

Биткоин менен башталган электрондук акчанын келип чыгуу тарыхы “блокчейн” делген электрондук маалымат сактоочу ыкманын табылышы менен башталат. Биткоин мындайча иштейт. Учурда колунда Биткоини болгондор түрдүү алым сатымдарды ишке ашыра алат. 10 мүнөттө бирден боло турган бул иштер “блок” чыгарылып, чынжырга кошулат. Бул иштердин сакталышы дегенди түшүндүргөн “блок” ошол эле мезгилде абдан татаал математикалык маселенин жообу. Башкача айтканда 10 мүнөттө жасалган бүтүндөй Биткоин иштеринин мазмуну. Тездик менен аны чыгарып, системага жиберген компьютердин ээси Биткоин менен сыйланат.

“Блокчейн” чынжыры ар бир блоктун мурдагы башка бир блок менен маанилүү байланышты болуусун камсыз кылат. Бул эгер бир блокто өзгөрүү болсо мурдагы бардык блоктордо өзгөрүү болду дегенге барабар. Башкача айтканда бир блокто жасалмалуулук кылуунун пайдасынан зыяны көп болору анык. Андыктан “Блокчейн” бир топ ишенимдүү болуп чыкты. Жасалмалуулукка жол бербеген бул ыкма учурда саламаттык сыяктуу ишеним зарыл болгон тармактарга колдонуу жагы талкууланууда.

Көзөмөлдөн качуу

Бирок Блокчайн системасынын кемчиликтери да бар. Учурда Биткоин өндүрүү үчүн бүтүндөй дүйнөдө иштеп жаткан кенчилер жалпысынан Ирландия колдонгондой өлчөмдө электр керектейт. Барган сайын кыйындап бара жаткан блок өндүрүү иштери мындай муктаждыкты көбөйтөрүнөн кабар берет. Атаандаштык жана Биткоинди колдонуу көбөйгөн сайын блок чыгарууга күчтүү компьютерлер керектелет. Бул да көбүрөөк электр тогун керектөө дегенге жатат.

Биткоин иштери 10 мүнөттө бир жаралып жатат. Бул акчанын күнүмдүк иштерде колдонулушун мүмкүнчүлүксүз абалга алып келет. Андан улам азырынча ири масштабдуу акча которууларга гана пайдаланылууда.

Ансыз да системанын келип чыгуу себептеринин бири банктардын жана мамлекеттердин көз салуусун жактырбаган каражаттарды которууну мүмкүн кылганында. Аны бир караганда колдон колго өткөн алтын сыяктуу ойлоого болот. Алгач ирет ФБР “Deep Web” делген Интернетке байланыштуу шарттарда мыйзамсыз сатыктар үчүн Биткоин колдонулуп жатканын байкап калган. Андан улам бул каражаттар дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. “Silk Road” аттуу “Deep Web” тармагында курал жана баңгизат сатылганы аныкталган. Андан кийин Биткоин белгилүү боло баштады жана баасы тездик менен көбөйүп, кызыгуу жаратты. 20 миң долларга жакындаганда бүтүндөй дүйнөдөн түрдүү каршылыктар келди. Өткөн күндөрдө Түштүк Корея мындай каражатка тыюу саларын билдиргенден кийин наркын жогото баштады. Учурда наркы 15 миң доллар болуп жатат.

Эмнеге мынча баалуу?

Учурда Биткоин эмне мынча баалуу деген суроого илимий далил жок. Айрымдары талаптын негизине таянууда. Учурда бул бүтүндөй дүйнөдө эң көп сөз болуп жатат. Ошондой эле инвесторлордун көңүлүн бурдурууда. Айрымдары e-coin дүйнөсү пайда кылган наркы бул деп жатышат.

Айрымдар учурда Биткоиндин наркы толугу менен манипуляция деп эсептешүүдө.

Биткоиндин чектүү санда өндүрүлүп турганы экономисттерге бир учурларда акча үчүн жарактуу болгон алтын стандартын эске салды.

Ушул кездерде Биткоин иштеринин көбөйгөнү жана жаңы блок чыгаруу үчүн 10 мүнөттүк убакыттын жетпей баштаганы, анын тегерегениде бир топ пикирлерди пайда кылды. Ошондой эле системанын жакшы жүрүп жүрбөй турганы талкууларды жаратууда.

Булардын бардыгы “e-coin”дердин келечекте акчанын ордун басары же баспай турганы сыяктуу суроолордун азырынча жоопсуз калуусуна түрткү болду.

Бет келише турган маанилүү көйгөй бар. Ал e-coin”дердин өзгөчөлүгү эмес, банк системаларынын жана мамлекеттердин бул боюнча көз карашы болушу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!