Дүйнөдөгү эң кымбат унаа

28-Март 2018, Шаршемби, 15:34

Кытайлык “IAT Automobile Technology” компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат деп таанылган “CarlmannKing” авоунаасын курду. Автомобиль “Бэтмен” унаасынын стилинде жана “Lockheed F-117” көрүнбөгөн-учак түрүндө жасалган. Анын баасы 2,2 миллион доллар турат. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты “Business Insider” компаниясынын берген маалыматына таянып билдирди.

Кытай өндүрүүчүлөрү жасап жаткан маалда эле унаага бир катар европалык дизайнерлер менен инженерлер кызыгуу артышты. Жаңы унаага АКШда белгилүү болгон “Ford F-550” пикаптын платформасы колдонулган.

Жаңы унаанын интерьери көп функционалдуу булгаары отургучтары, плазмалык сыналгысы, спутникалык телевидениеси жана “PlayStation 4” оюн приставкасы менен кызыктырат. Мындан сырткары унаага ээ болгон киши муздаткыч, кофемашина, эки кондиционер, аба тазалоочу каражат жана неон шамдарына ээ болот.

Жол тандабастын полу мрамор менен капталып, төбөсү “Rolls-Royce”дун «жылдыздуу асман» стилинде жасалган. Ички салонуна булгары жана замша, ошондой эле жыгач колдонулган.

Унаа күчтүү “V10” кубатындагы 6,8 литрлүү кыймылдаткычка ээ. Ал 360 ат күчү менен 620 Нм тегеренме кубат бере алат. Унаанын максималдуу ылдамдыгы саатына 140 километрди түзөт. Бул анын салмагына байланыштуу - 5 жана 6,6 тонна (брондалгон үлгүсү) болушу мүмкүн. Акыркы унаанын баасы 3,8 миллион долларга бааланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!