“Tesla” унаасы жарылып, айдоочусу каза болду

29-Март 2018, Бейшемби, 11:09

Калифорнияда жол кырсыгы катталып, анда “Tesla Model X” жарылды.

Айдоочусу каза болду. Ал унаа рулуна ээ боло албай калып, жээктеги бордюрду сүзүп, кийин жолдогу эки унаа менен кагылышып, жарылып кеткен.

Күйүп калган айдоочу ооруканага бара жаткан жолдо, тез жардам унаасында көз жумду. “Tesla” компаниясы жол кырсыгы болгон жерге экспертерин жөнөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!