“Alibaba” менен “Ford” кызматташып унаа берет

4-Апр. 2018, Шаршемби, 12:23

Кытайлык “Alibaba” жана “Ford” электрондук коммерция компаниялары биргелешип, жаңы технологиялык долбоорлор боюнча бирге жумуш алып барууга келишим түзүштү. 2018-жылдын март айында компания “Super Test-Drive Center” борборунда Гуанчжоу тургундарына тест-драйв автоунааларын сунуштады.

Тест-драйв өткөрүлчү күндү алдын ала белгилөө үчүн, колдонуучулар “Tmal” тиркемесинде автоунаанын үлгүсүн тандап, депозитти төлөшөт. Андан кийин тест-драйв борборунда колдонуучуну автоматтык турдө таануу үчүн селфи жасалат. “Super Test-Drive Center” вендингтик автомат принциби боюнча жургүзүлөт. Ошондой эле, идентификацияны текшерүү жөрөлгөсү өткөндөн кийин колдонучуларга унаа берилет. “Alibaba” нын билдирүүсү боюнча, он мүнөт ичинде шаар тургундары унаага ээ болушат.

Унаа үч күнгө чейин кол жетимдүү болот. Андан кийин колдонучулар тест-драйвты кайра алуу үчүн жаңы күндү белгилеп же унааны сатып алуулары керек.

Тест-драйвты бекер, же болбосо акыга алууга болот. Кытай өкмөтү дүйнөлүк рейтинг аркылуу тургундардын коопсуздугун баалагандан бери, 700 баллга ээ клиенттерге тест-драйвты бекер беришет. Калгандарына төлөгө туура келет.

“Autoblog” басылмасынынын маалыматы боюнча, бөлчөк соода компаниясы Кытай боюнча автомобиль сатуу пункттарын курууну пландап жатат жана кардарларга унааны 10 пайыз депозит менен сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!