“Hyperloop” транспорт каражатынын мүмкүндүктөрү

12-Апр. 2018, Бейшемби, 10:12

Масктын билдирген маалыматы боюнча, вакуумдук туннелдин ичиндеги капсула саатына 500 чакырым ылдамдык менен же добуш ылдамдыгынын жарымына жетиши мүмкүн. Болжол менен тормоз берүү алыстыгынын узундугу 1,2 чакырым болуш керек.

Маск бул укмуштуудай идея экенин моюндады. Ошондой эле, экспериментке байкоо жүргүзүү кызыктуу болоорун кошумчалады.

“Hyperloop” – “SpaceX” компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск 2012-жылы сунуштаган жогорку ылдамдыктагы транспорт каражатынын долбоору. Идеяга шайкеш жүргүнчүлөрү бар капсула атайы вакуумдук тоннелдерде жүрмөкчү.

Азыркы убакытта капсула ылдамдыгы боюнча рекордсмен, ага атаандаш компания катары “Virgin Hyperloop One” болуп саналат. Ал саатына 387 километрге чейин жүрөт.

Март айынын башында Дубайдагы “Virgin Hyperloop One” өзүнүн жүргүнчү ташуучу поезд капсуласынын ички дизайнын көрсөттү. Эксперттердин пикири боюнча, жаңы поезд өтө кенен, бирок жүргүнчүлөрдүн отургучтарынын ортосундагы аралык мындан да жакшы болгону оң деп эсептешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!