Унааны көмүп ташташты

14-Апр. 2018, Ишемби, 10:22

Утуштан түшкөн унааны тартып алып, 50 жылга көмүп таштаган. Аталган окуя Мексика өлкөсүндө болуп өттү. Бул тууралуу "лента.ру" сайты билдирет.

Иш-чаранын уюштуруучулары унааны шаардын борборуна алып барып көмүп ташташты. Ичине түрдүү эстелик сүрөттөрдү, келечектеги урпактарга каттарды жазып калтырышкан.

Эми унааны утуп алган үй-бүлөнүн урпактары аны 50 жылдан кийин гана колдоно алышат.

Жергиликтүү эл уюштуручулардын бул аракетине каршылык билдирип жатат. Алардын ою боюнча унааны колунда жокторго берип койгондо алда канча пайдалуу иш болмок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!