“Toyota GT86”нын аялдарга арналган үлгүсү чыкты

21-Апр. 2018, Ишемби, 13:39

«Тойота» сырткы түрү өзгөрүүгө учураган “GT86-Cb”нын атайы үлгүсүн тааныштырды.

Жаңы унаа дөңгөлөк шамдары менен, тор капкагы менен, жаңы бампер жана өзгөчө алдыңкы бөлүккө ээ. Арткы жагында өзгөрүштөр көп деле жок – башка оптика жана спойлер. Жүргөн кезде спорткар мурункудай 6-этаптуу механика, ошондой эле аналогдук диапазондогу автомат, 200-кубатты эки литрлүү оппозитник менен жүрөт.

Атайы моделдин негизи катары 2013-жылы Токио автосалонунда эл алдына көрсөтүлгөн “аттас” үлгүсү алынган. Иштеп чыгуучулардын оюу боюнча, Сb (Cool beauty) биринчи кезекте аялдарга арналган.

Автоунаа 23-апрелде 35 000 доллар өлчөмүндө саттыкка чыгат. Өкүнүчтүүсү, атайы үлгү Япониядан тышкары жерлерге чыгарууга мүмкүн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!