Эми унаанын шам чырагы айдоочуга эскертүү берип турат

28-Апр. 2018, Ишемби, 14:04

Женевадагы “Mercedes-Maybach” салону “Digital Light” жарыктандыруу системасынын жаңы долбоорун тааныштырды. Бул тууралуу “kolesa.kz” сайты маалымдайт.

“Digital Light” автомобиль фараларынын башкы өзгөчөлүгү — унаанын электрондук жардамчыларын пайдаланып, айдоочуга алдын-ала эскертүү берет.

Ал эмнени эскертет? Бардыгын. айдоочуну алдында эмне күтүп турганын-жол боюндагы жөө жүргүнчүнү, жаныбар, эскертүү белгилерин, аба ырайынын өзгөрүшүн, унаанын ылдамдыгын, жакынкы аралыктагы бурулуш менен тоо-таштарды, жолдун жабылышын, алдыдагы унааларны ортосундагы аралыкты айдоочу билүүгө тийиш бүтүндөй маалыматтын барын көрсөтүп турат.

Кантип көрсөтөт? Асфальт бетине чоң видео же сөлөкөт чыгаруу, түрдүү сызыктар аркылуу. Ушундайча жетиштирилген жаңы “Digital Light” шам чырактары айдоочунун ишенимдүү жардамчысына айланат.

Өндүрүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, ар бир шам чырак башкаруу чип менен миллиондон ашык чагылдыргычы бар. Өзгөчө, күндүн карангы маалында автидүүлүгүн артыруучу жарык күчүн кол менен башкарууга болот.

Жаңы үлгүдөгү фаралар биринчи эле жыңыртылган “Mercedes-Maybach S-Class” моделиндеги унаага орнотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!