Айдоочулар 600 миллион доллар ыраазычылык акы алышкан

Айдоочулар 600 миллион доллар ыраазычылык акы алышкан
23-Июнь 2018, Ишемби, 12:38

"Uber”дин такси айдоочулары акыркы жылдары 600 миллион доллардан ашык ыраазычылык сый акы же болбосо "чаевые" алышкан. Бул тууралуу “TechCrunch” компаниясынын өндүрүш башкаруу менеджери Дхрува Тиагинин сөзүнө таянып маалымдашууда.

Компаниянын айдоочулары эң көп ыктыярдуу берген ыраазычылык акыны АКШдан, тактап айтканда Солт-Лейк-Сити, Юта, Сан-Антонио, Техас, Канзас, Жаңы Орлеана жана Ла-Нэшвилл штаттарынан алышат. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү бейшемби, жума жана ишемби күндөрү көбүрөөк беришет экен. Сан-Франциско компаниясынын менеджеринин айтуусу боюнча, кардарлар өз ыктыяры менен акчаны айдоочуларга беришет.

Эскерте кетсек, мурун "Uber” жүргүнчүлөргө айдоочунун жумушун иш үстүндө баалоого мүмкүндүк берип келген. Тиаги белгилегендей, бул мүмкүндүк пайда болгондон бери сый акынын көлөмү 30 пайызга өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР