Ижарага алынган "Ferrari” жол кырсыгына кабылды

Ижарага алынган
25-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 14:07

Кытайдын Венлинг шаарында "Феррари 458" спорттук унаасын аял киши ижарага алган. Бир нече мүнөттөн кийин ал эки унаанын катышуусу менен жол кырсыгына себепчи болуп, жол тосмону сүзгөн.

Ал машинага отуруп жатканда биринчи жолу “Ferrari”ни айдап жатканын айткан.

«Бул чынында укмуштуудай сезим», - деген аял.

Бир нече мүнөттөн кийин ал унааны башкара албай, унаа зымыраган бойдон кетип, жолдогу тосмолорду сүзүп, каршы жол тилкесинде келе жаткан “BMW”га урунуп, ал унаа өз учурунда “Nissan”ды барып сүзгөн. Акыркы унаа башка тараптагы тосмону сүзүп, каршы жолго чыгып кеткен.

Автомобилдин баасы болжол менен 500 миң фунт стерлинг турат. Жол кырсыктан кийин алдынкы тарабы катуу зыян тарткан жана дөңгөлөгү чыгып кеткен. Коопсуздук жаздыгынын аркасында аял катуу жаракат алган эмес, ошондой эле башкалардын да ден-соолугуна эч кандай коркунуч келген жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!