Якудзалардын сүйүктүү унаасынын баасы жарыяланды

Якудзалардын сүйүктүү унаасынын баасы жарыяланды
26-Июнь 2018, Шейшемби, 11:14

Ооба, бул седан унаасы менен япон өкмөтүнүн чиновниктери гана эмес, ошондой эле, жергиликтүү мафиянын жетекчилери якудзалар да кызыгышат. Алар “Maybach” жана “Rolls-Royce”ту да ала алышат, бирок “Toyota Century” менен жүрүшөт. Өткөн жылы күзүндө бренддин мыкты седанынын жаңы мууну тааныштырылган, бирок баасы азыр гана белгиленди. Ушундайча “Rolls-Royce”тун япондук аналогу 19,6 миллион иен (болжол менен 178 миң доллар) турат.

Седандын узундугу 533 см - британдык жана немис бренддеринин флагмандарына караганда кыска. “Century” жалпы кубаты 431 л.с. гибрид электр кыймылдаткычы (беш литрлик V8 плюс электр кыймылдаткычы бар) менен жабдыкталган. Ошентсе да баардык эле чиновниктер менен мафия башчылары эски седанды жаңысына алмаштыра алышпайт. Күтүп туруш керек – бир айдан кийин “Toyota” бул унаанын 50 гана даанасы чыгарылары маалымдалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!