“Volkswagen” электр унаасы атаандаштарынан озду (видео)

“Volkswagen” электр унаасы атаандаштарынан озду (видео)
27-Июнь 2018, Шаршемби, 11:41

“Volkswagen I.D. R Pikes Peak” унаасынын прототиби “Pikes Peak International Hill Tırmanı” жарышында жаңы рекорд орнотту.

24-июнда «Ле Мананын» эки жолку чемпиону жана «Пайкс-Пик” тоосундагы жарыштын үч жолку жеңүүчүсү Ромен Думас электр унааны башкарып жолго чыкты. Эскерте кетсек, “Pikes Peak International Hill Climb” жарышы бийик жерлерде өтөт: деңиз деңгээлинен 2,862 м бийиктикте орун алган жана фиништин сызыгы 4,302 м бийиктикте жайгашкан.

Багыттын узундугу 19,99 километрди түзөт, ушул убакыт ичинде жарыш автомобилдеринин айдоочулары 156 айланма жолду басып өтүшөт.


Азыркы учурга чейин электр унаалар арасында рекорд 2016-жылы 8 мүнөт 57,118 секунда менен орунотулган. Ал эми Дюма жолду 7 мүнөт 57,148 секундда басып өтүп, рекордду жаңылаган.

Эскерте кетсек, “Volkswagen I.D. R Pikes Peak” электр унаасы нын бир гана даанасы атайы Пайкс-Пик жарышына катышуу үчүн жасалган. Жарыш электромобиль унаасы болушунча жеңил жасалып, айдоочу менен бирге салмагы 1100 киллограмды түзөт. “Volkswagen I.D. R Pikes Peak” унаасы эки электромотор менен жабдыкталып, 680 л.с (650 Нм) камтыйт. 100 км/саатты басып өтүү үчүн электрокарга болгону 2,25 секунда керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!