Танка жеңил унааны тебелеп кетти (видео)

Танка жеңил унааны тебелеп кетти (видео)
28-Июнь 2018, Бейшемби, 10:52

Беларусияда танка жеңил унааны тебелеп салган. Согуш унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы Гродно шаарынын Сопоцкин аймагындагы жолдо катталган. Аскердик унаалар колоннасы шаардын борборуна карай буруп жаткан. Бирок танканын бирөө башкарууга багынбай, каршы багытка чыгып кеткен, жолдо турган авотунааны басып калган.

Фольксвагендин айдоочусунун жолу болуп, эч кандай зыян тарткан эмес. Анын отургучу жазылып, айдоочу жатып калууга жетишкен. Бирок унаанын рулу анын бутун кысып калган. Аны күбө болгондор бошотуп алган сыяктуу. Эми ал атайын дарылануу шартын кабыл алууда.


Аскерлер андан кечирим сурап, чыгымын төлөп беришкен. Окуя видно байкоого тартылып калган. Айдоочунун айтуусу боюнча, аскерлер берген жардам анын көңүлүнө толгон. Азыр анын абалы жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!