2019-жылы космоско билеттер сатыла баштайт

2019-жылы космоско билеттер сатыла баштайт
29-Июнь 2018, Жума, 10:32

"“SpaceX”тан кийин дагы бир америкалык компания баардык учкусу келгендер үчүн космоско сапарды баштоого даяр экенин жарыялады”,-деп жазат “Spacenews”.

“Blue Origin” жеке аэрокосмос компаниясынын вице-президенти Роб Мейерсон жакында космоско алып барчу суборбиталык саякат билеттери 2019-жылы сатыкка чыгаарын маалымдады.

«Алдыдагы убакытта космоско алгачкы сынак катары жүргүнчүлөр менен бирге уча баштайбыз. Ал эми билеттер 2019-жылы сатыкка чыгат», - деп убада кылды Мейерсон.

Азыркы убакта компаниянын космоско жасаган бардык сапары жүргүнчүсү жок жүргүзүлүп келген. Бирок “Blue Оrigin” мындан мурунку сынактарга анын кызматкерлери катышаары маалымдашкан болчу. Мейерсон космоско учуу билетинин баасын айткан жок.

Эскерте кетсек, 2015 жылы компания “New Shepard” суборбиталык кемесин сегиз жолу учурган. Акыркы учуруу иштери 29-апрелде өттү. Кийинки учуулар качан болоору белгисиз.

“Blue Origin” компаниясынын негиздөөчүсү америкалык миллиардер, 2000-жылы дүйнөдөгү эң бай адам аталган Джефф Безос түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!