Көп көйгөй жаратпаган унаа аныкталды

Көп көйгөй жаратпаган унаа аныкталды
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 10:38

“Америкалык “J.D.Power Agency” агенттиги базардагы автоунаалардын ичиндеги эң жаңы жана ишенимдүүлөрүн аныктады”,-деп жазат «Автоновости дня». Рейтинг таза өтүшү үчүн эксперттер автоунаа дилерлеринин клиенттеринин арасында сурамжылоо жүргүздү.

Изилдөөчүлөр «Ишенимдүүлүк индексин» ар бир автоунаа моделине карап, 100 адамдын пикирин жыйнады. Эң эле көйгөй жаратпаган бренд Кореянын премиум-класстагы “Genesis” үлгүсү болуп чыкты. Колдонуучулардын алгачкы үч ай ичинде 100 автомобилден ар кандай 68 арыз келип түшкөн.

Экинчи орунда 100 автоунаага 72 арыз түшкөн “KIA” ээ болду. Кореянын “Hyundai” компаниясы жүз унаага келип түшкөн 74 арыз менен үчүнчү орунга илинди.

Төртүнчү жана бешинчи тепкичте Германиянын “Porsche” (79 көйгөй) жана америкалык “Форд” (81 көйгөй) турат.

Рейтингдин акыркы орундарында шведдик “Volvo” жана британдык “Jaguar”, “Land Rover” көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!