Бир жумада «Tesla» беш миң унаа чыгарды

 Бир жумада «Tesla» беш миң унаа чыгарды
3-Июль 2018, Шейшемби, 10:15

“Tesla” жумасына “Model 3” электрокардын 5 миң даанасын чыгара турган даражага жетти. Бул компаниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Маалыматта белгиленгендей, азырынча компаниянын дал ушундай темп менен канча убакыт иштээри белгисиз. Кантсе да, “Tesla” муну менен токтоп калбай, кийинки айдан баштап жумасына 6 миң седан чыгарууну пландап жатат.

«Бар болгону биз чыныгы автомобиль чыгаруучу компанияга айландык. Ишкана ушул убакытка чейин “Model 3” унаасын дал ушундай темп менен чыгарууну пландаган. Ошол максатына жетти. Ошондой эле, биз жумасына “Model S” жана “X” унааларынын 7 миң даанасын чыгарууну пландап, максатыбызга жеттик», - деп жазды Маск компания кызматкерлерине арналган катында.

Эскерте кетсек, 1-май күнү Илон Маск өзүнүн “Twitter” тармагындагы баракчасына “Tesla” компаниясынын 7 күндө 7 миң унаа кураштырганын жазып, мактанган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!