Дүйнөдөгү эң ылдам унаалардын бештиги

Дүйнөдөгү эң ылдам унаалардын бештиги
4-Июль 2018, Шаршемби, 13:19

Дүйнөдөгү эң ылдам автоунаалардын мыктылары тандалды. Рейтинг машиналардын болушунча жогорку ылдамдыктары боюнча түзүлдү. Бул тууралуу «Мир 24» телеканалы билдирет.

Биринчи орунга “Hennessey Venom F5” унаасы жайгашты. Анын максималдуу ылдамдыгы 484 км/саат. Ошенткени менен бул унаа өндүрүүчүлөрдүн айтуусу боюнча, тиркелген расмий маалыматтар жок. Унаанын кубаттуулугу 1600 ат күчүнө барабар 7,4 литрлик турбомотор орнотулган.

Экинчи орунга саатына 477 чакырым менен жүргөн “Koenigsegg Agera RS” илинди. Гиперкар жогору ылдамдыкты көрсөтө алган. Эксперттердин айтуусу боюнча, бул расмий түрдө далилденген эң жогорку ылдамдык болуп саналат. Өткө жылдын аягында “Koenigsegg” компаниясынын ээси Никлас Лила өзүнүн гиперкары менен Лас-Вегастагы 17 чакырымдык жол менен эки жолу айланып өткөн.

Эксперттер үчүнчү орунга саатына 434 чакырымды басып өтө алаган “Hennessey Venom GT” унаасын коюшту. Бул унаа белгилүү гиперкар өндүрүүчү компанияларды оозуп чыккан. Мыкты уыймылдаткычы бар унаанын максималдуу ылдамдыгы расмий түрдө катталган. Бирок эксперттер алардын серия менен жасап чыгарыларына күмөндөнүшүүдө. Себеби алар бир-бирден колго кураштырылат деген пикир бар.

Төртүнчү орун саатына 431 чакырым ылдамдык менен жүргөн “Bugatti Veyron SS”га берилген. Белгиленгендей, аталган бренддин “SS” үлгүсү өз учурунда эң ылдам автомобиль атагын кайтарып алуу үчүн чыгарылган. Акыркы кыймылдаткычтын кубаты 1200 ат күчүнө чейин жеткирилип, аэродинамикасы жакшыртылгандан кийин атаандаштары көбөйүп кеткен.

Топ бештикти саатына 420 чакырым менен жүргөн “Bugatti Chiron” толуктап турат. Бул “Bugatti Veyron”дан кийин чыккан модель. Унаанын стандарттуу нускасы саатына 420 чакырым ала алат. Бул эски “Veyron SS”ке караганда азырак. Ошенткени менен, унаанын кубаты мындан да жогору ылдамдыкка жетер эле, бирок өндүрүчүлөр ага ылдамдыкты чектеген электрондук түзүм орнотушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!