“Mercedes”тен «Maybach» жасашты

“Mercedes”тен «Maybach» жасашты
5-Июль 2018, Бейшемби, 12:26

“Carlex Design” польшалык тюнинг студиясы коммерциялык “Mercedes-Benz X” пикабынан жогорку класстагы жүк ташуучу автомобиль курап чыгышкан.

“Carlex Design” башка тюнинг-компаниялар сыяктуу унааны турбостероид, рекордук ылдамдык жана жарандык унаадан гиперкарга айлантууга аракет кылышпайт. Поляктар уникалдуу жана стилдүү интерьерди башкалардан кем жасашпайт. Эгер дүйнө жүзү боюнча болбосо дагы, Европада шексиз.

Автоунаа жаңы бамперлерге, дөңгөлөк аркаларына, күзгү корпусуна жана жүк салчу платформага ээ болду.

Кузовду полу "тик" менен жасалган. Белгилүү болгондой бул жыгач менен яхта жана кемелердин палубаларын полдошот. Мындан сырткары, унаа ак-күрөң түскө боёлгон, өзгөчө дөңгөлөк дискаларына жана радиатордун тору менен жабдылган.

Унаанын салону ак-күрөң түстөгү ар түрдүү тери менен кооздолгон. Бул жасалгадан кийин ал “Mercedes-Maybach”тан кем калбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!