“Lamborghini Huracan” рекорддук ылдамдыкка жетти (видео)

“Lamborghini Huracan” рекорддук ылдамдыкка жетти (видео)
6-Июль 2018, Жума, 13:49

“Lamborghini Huracan” супер автоунаасы дрэг-рейсингте дүйнө рекордун орнотту. Унаа жарым милде (804 метр) алыстыкта 259,67 мил/саат (417,9 чакырым/саат) ылдамдыкты багындыра алды. Айтылган рекорд тууралуу видео “YouTube” каналында жайгаштырылган.

Рекорд орноткон компания “Underground Racing”тин 3000 ат күчүнө чейин жеткен кубат пайдаланган. Унаада 10 цилиндрлү кыймылдаткыч. 6 точкалуу секвинтал тараткыч кутусу жана толук дискасы бар. Рекордду орнотууда уюштуруучулар колдоо кеңдигин (расширение поддержки) 1ден 2ге чейин көтөрүү көйгөйлөрүнө кабылышкан. Эгер бул көйгөй болбогондо суперкар күтүлгөндөн да жогору натыйжа көрсөтмөк эле.

“Underground Racing” компаниясы жарым мил алыстыкка айдоо боюнча бардык рекордго байланыштуу. Өткөн жылы компания акыркы жолу жаңыртылган “Gallardo”нун ылдамдыгы 413 чакырым/саатына жеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!