2020-жылдан баштап учкан унаалар колдонууга берилет

 2020-жылдан баштап учкан унаалар колдонууга берилет
9-Июль 2018, Дүйшөмбү, 11:09

Япония өкмөтү 2018-жылдын аягына чейин коопсуздук жана технология жөнүндө атайы кеңеш курат. Бул кеңеш учуучу унааларды колдонуу үчүн укуктук жана техникалык база жасоо менен алектенет. Бул тууралуу “Капитал” басылмасы билдирет.

“Yomiuri” басылмасынын маалыматы боюнча, учкан унааны толугу менен колдонууга киргизүү 2020-жылга пландалып жатат.

Ошону менен катар, автоунаа ордунан тик көтөрүлүп, тигинен коно алары айтылууда. Ал 150 метрдей жогору көтөрүлүп, саатына 100ден 200 километрге чейинки ылдамдык менен жүрө алат. Анын үстүнө унаа электр кубаты менен жүрөт. Баасын айта турган болсок такси баасы менен бирдей.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!