Электр унааларга бажы төлөмү алынбайт

Электр унааларга бажы төлөмү алынбайт
10-Июль 2018, Шейшемби, 16:21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев «Сырткы экономика иштери жана бажы тарифтерин өнүктүрүү жөнүндөгү» жаңы жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык өлкөгө чет жерден импорттолгон электр унааларына бажы төлөмү алынбайт. Бул тууралуу "qazaqtimes" маалымат булагы билдирет.

Бул мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Тактап айтканда, чет өлкөдөн импорттолгон электр кыймылдаткычы менен жүргөн автоунаалар бажы төлөмдөрү жок Өзбекстан базарына кире алат.

Маалыматка ылайык, азыркы кезде Кытайдын электр унаа өндүрүүчү ири компаниясы менен Өзбекстандын ортосунда келишим түзүлүүдө. Келечекте биргелешкен өндүрүш жайы ачылышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР