Күзгүсү жок унааны айдай башташабы?

Күзгүсү жок унааны айдай башташабы?
11-Июль 2018, Шаршемби, 13:53

Немистердин "Audi" компаниясы жаңылык жасашты. "Унааны күзгүсүз башкарууга болот” дейт дүйнөгө белгилүү компания. Ушундай өзгөчөлүк аркылуу колдонуучунун назарын бурган унаа кураштыруучулардын планы ишке ашкан сыяктуу.

Дүйнөнүн маалымат булактары бул жаңылыкты жарыша жазып жатат. Эки тараптагы күзгүнүн ордуна камера орноштурулган. Ал эми андагы көрүнүш унаанын эшигиндеги 7 дюймдук экрандан көрөсүз.

Ошону менен бирге, камеранын смартфонго арналган тиркемесин жүктөп телефондон да карап турууга мүмкүндүк жаралат. Жаңы технология алдынкы убакытта чыга турчу “Audi E-tron” электр унаасына жабдыкталат.

“E-tron” быйылкы жылдын аягында же 2019-жылдын башында сатыкка чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!