Унутчаак айдоочу “Lamborghini”ни өрттөдү (видео)

Унутчаак айдоочу “Lamborghini”ни өрттөдү (видео)
12-Июль 2018, Бейшемби, 11:51

АКШнын Миссури штатында май куючу жайда жаңы “Lamborghini Huracan Performante” суперкар өрттөндү. Окуя болгон жердеги видео жакында “Инстаграмда” пайда болду.

“Lamborghini”нин ээси Бостондон Лас-Вегасты көздөй “Goldrush Rally” жарышына катышып бара жаткан. Окуя жолдун ортосунда, тактап айтканда, Сент-Луисетеги “Mobil 1” май куюучу станцияда болгон.


Жакын жакта токтоп турган “Chrysler” унаасынын айдоочусу май куюучу пистолетти албастан айдап кеткен. Жулунуп кеткен шлангдан аккан май италиялык суперкарды үстүнө жабыла куюлган. Ысык түтүктөн от чыгып унаа өрттөнгөн.


Суперкардын айдоочусу бул убакта дүкөндө болгон. Өрт өчүрүүчү экипаж өрт болгон жерге тез жетип келген. Ага карабастан унааны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 274 миң долларлык “Lamborghini Huracan Performante” бир нече мүнөттүн ичинде толугу менен күйүп кеткен.

Эскерте кетсек, “Goldrush Rally” жарышы 22-июнь күнү башталган. Старттык баа 20 миң доллардан башталган. Анда “Audi”, “Bugatti”, “Ferrari”, “Lamborghini”, “Lexus”, “Maserati”, “Mclaren”, “Mercedes-AMG” жана тюнингделген седан “Mercedes S-класстагы” суперкарлар катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт