“Uber” таксини кантип тез тапса болот?

“Uber” таксини кантип тез тапса болот?
18-Июль 2018, Шаршемби, 13:08

Такси чакырган кезде, смартфондун дисплейи кызыл, сары же жашыл күйөт, бул жүргүнчүнүн турган жерин аныктоого мүмкүндүк берет. “Uber” компаниясы тиркемени жаңылап, таксини табуу функциясын кошту. Азыр жүргүнчү өзүнүн смартфонун маяк катары пайдалана алат. Бул тууралуу “The Verge” маалымат булагы маалымдайт.

Жаңы функция «Spotlight» деп аталат жана айдоочуга элдин арасында же белгисиз жерде жүргүнчүнү табууга жардам берет. Эми таксини чыкырганда атайы белги коюлган жана аны басканда смартфонуңузда сары, кызыл, жашыл же башка түстөр жанат. Жүргүнчү смартфонун өйдө көтөргөндө, айдоочу элдин арасынан оңой таба алат.

2016-жылдын аягында “Uber” бул көйгөйдү чечүү тууралуу ойлоно баштаган. Айдоочу күйүп турган “Uber”дин логотипти маңдайкы айнегине жабыштырып коюшкан. Тапшырык алган кезде, кардар кандай түстөгү белгиси бар унааны издеш керек экенин билген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!