“Tesla” Европада чоң завод курат

2-Авг. 2018, Бейшемби, 10:55

Электромобиль өндүрүшүн чыгарган америкалык “Tesla” компаниясы Европада завод куруу боюнча келишим шарт түзүүдө. Бул тууралуу “korrespondent.net” порталы маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, Германия жана Нидерландыдагы федералдык эки жердин бийлиги компания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул жыйынга катышкан өкүлдүн айтуусу боюнча, электромобиль менен алардын аккумуляторун бир имаратта өндүрүү каралууда.

Айта кетсек, “Tesla” компаниясы 2003-жылы негизделгенден бери өнүгүп келет. Ошенткен менен чыгымдар менен күрөшүп келе жаткан компанияда башкаруучу кадрлар азайып жатат. Анын үстүнө электромобилдин катышуусу менен болгон жол кырсыктары да маселе жаратууда.

Компаниянын башчысы Илон Масктын айтуусу боюнча, 15 жыл бою компания эч бир табышка кол жеткирген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!