“Tesla” 717 миллион доллар чыгым тартты

3-Авг. 2018, Жума, 10:54

2018-жылдын II чейрегинде америкалык “Tesla” компаниясынын чыгымы 2017-жылдагы ушул убакыт менен салыштырганды эки эсеге өстү.

Компаниянын эсеби боюнча чыгым 717,5 млн долларды түзгөн. Алар “Model 3” жаңы унаасынын каржылоо менен байланыштуу. Ага карабастан өзүн актагандагы киреше экинчи чейректе 4 млрд чейин өскөн, бул биринчи чейрекке караганда 23 пайызга жана өткөн жыл менен салыштырганда 47 пайызга жогору. Кирешенин негизин “Model 3” унаасын жеткирүү менен тапкан. Ушул кезге чейин компания 53,3 миң авто унаа чыгарса, анын 40,7 миңи сатылган. Ушундайча жаңы унаа эң өтүмдүү товарга айланууда. “Model 3” унаасы компания чыгарган эң арзан модель.

Эскерте кетсек, биринчи чейректе “Tesla” компаниясынын чыгымы 710 млн долларга жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!