Жаңы “Bugatti Divo” унаасы

Жаңы “Bugatti Divo” унаасы
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 11:54

Американын Калифорния штатында өткөн “Concours d’Elegance” автошоусунда жаңы Bugatti Divo аттуу унааны көрсөтүштү. Бул унаа дүйнөнүн эң кымбат моделдүү унаасы болуп калмакчы. Анын баасы 5 миллион евро турат.

Ошондой эле мындай моделдеги унаанын саны да мерчемделүү. Дегенибиз азыртан эле бул унаанын 40тан ашыгын алдын ала буйрутма кылып коюшкан.

Dıvo “Bugatti Chiron” унаасынын базалык түзүмүнө окшоп кетет. Бирок кузовдук панелинде айырмачылыктар бар. Муну менен катар бул унаанын аэродинамикасы да жакшы жасалган.

Ошондой эле унаанын ичинен спорттук орундуктары да күчтүү дизайн менен орнотулган. Унаанын эң жогорку ылдамдыгы 380 км/сааттан ашпайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!