Кымбат унаалар зыяндуу шишикке чалдыктырабы?

Кымбат унаалар зыяндуу шишикке чалдыктырабы?
6-Сен. 2018, Бейшемби, 10:43

Окумуштуулар кандай автомобилдер зыяндуу шишиктин пайда болушуна себепчи болушу мүмкүн экендигин аныкташты.

Кылдат жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн аркасында адистер сапатсыз материалдан жасалган унаалардын зыяндуу шишикке себепчи болушу ыктымалдыгын белгилешти. Алардын алдыңкы терезеси көп өлчөмдө ультрафиолет нурларын өткөрүшү мүмкүн. Ал эми бул өз учурунда онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучун артырат деген тыянакка келишти.

Алдыңкы терезелери эксперттердин текшерүүсүнөн өтпөй калган унаалардын тизмеги жасалды. Бул тизмеде люкс класстагы автоунаалар да бар. Коркунучтуу унаалардын тизмегинде “Mercedes-Benz” бренди биринчи орунда турат. Инженерлер эң арзан коргонуу кабатын орноткон “BMW” маркасы экинчи орунга ээ болду. Себеби анын терезелери унаанын салонуна ультрафиолет нурларынын түшүүсүнөн 60 пайызга гана коргой алат экен. Бул көрсөткүч “Audi” маркасындагы унааларында – 64 пайыз.

“Lexus” брендинин унаалары жакшы натыйжа көрсөттү, бул марканын ээлери 96 пайызга коргонуу менен камсыз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!