Mercedes-Benz электрокроссовер унаасын сатыкка чыгарат

Mercedes-Benz электрокроссовер унаасын сатыкка чыгарат
6-Сен. 2018, Бейшемби, 11:54

Mercedes-Benz унаасын чыгаруучу немец унаа өндүрүүчүлөрү алгачкы жолу массалык түрдө чыгарылуучу EQC электрокроссовер унаасын көпчүлүктүн сынына койду.

Өндүрүүчүлөрдүн айтымында аталган унаа келерки жылдын биринчи жарымында массалык өндүрүшкө чыгарылат. Анын наркы канча болоору азырынча сыр бойдон калууда.

EQC электрокроссовер унаасы жалпы кубаттуулугу 300 кВт (408 аттык күч) болгон 2 электрокыймылдаткыч менен жабдылган. Кыймылдаткыч 80 кВт/сааттык көлөмдөгү литий-иондук батарейкалары менен иштейт. Бир жолу кубаттандырылган батарейкалар 480 чакырымды басып өтүүгө жетет. Унаа саатына 180 чакырымдык ылдамдыкта жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!