“Tesla”нын жүк ташуучу унаасы сынактан өтүүдө

“Tesla”нын жүк ташуучу унаасы сынактан өтүүдө
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 11:58

“Tesla” компаниясы бир жыл мурда өзүнүн электр моторлуу эң биринчи жүк ташуучу унаасын тааныштырган.

Азыркы учурда компания активдүү түрдө “Semi”ни сынактан өткөрүп жатат. Сыягы, бул жүк ташуучу унаа АКШнын шаарларын кыдырып чыгат.

Илон Масктын компаниясынын жаңы унаасын Колорадо, Арканзас, Иллинойс жана Солт-Лейк-Ситиден көрүшкөн. Жергиликтүү жашоочулар унааны сүрөткө тартып алышкан. Айдоочу эки чоң сенсорлуу экрандын бирөөсүндөгү жол картасынын навигациясы fhrskee eyffys ,firfhfn/

Эскерте кетсек, “Tesla” бир жолку кубаттоо 800 километр аралыкка чейин жетээрин маалымдаган. Жол кырсыгын алдын алуу максатында автоматтык түрдө “тормоз” системасы ишке кошулат.

Электр жүк ташуучу унаа 2020-жылы сатыкка чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!