Россия: мигранттар айдоочулук кыла албайт

30-Май 2017, Шейшемби

Ушул жылдын 1-июнунан тарта Россияда чет өлкөлүк эмгек мигранттар айдоочу болуп иштей албайт. Бул тууралуу ТАСС маалымат агентиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы Россияда Россия федерациясынын айдоочулук күбөлүгү жок айдоочуларга унаа айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзам 2017-жылдын 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгү бар айдоочулар жүк же адамдарды ташууга тыюу салынат. Россия федерациясынын айдоочулук күбөлүгү жок айдоочулар жумуштан бошотулушу керек.

Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн 3 экзаменден өтүү зарыл: бирөө теориялык, экөө практикалык: автодромдо жана шаардын ичинде.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!