Учуучу такси тармагы курулат

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:50

““Uber” компаниясы менен АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук изилдөө борбору (NASA) бүткүл дүйнө боюнча учуучу такси тармагын түзүү боюнча макулдашты”,- деп билдирет “BBC”.

“Uber” өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Джефф Холден билдиргендей, келишимде такси учактарынын каттамдардын контролдоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу каралган.

“Uber” учак ирээтинде пилоттук жана учкучсуз аба аппараттарын такси катары пайдаланууну пландап жатат.

Жаңы такси кызматынын учуу сынактары 2020-жылы Лос-Анджелесте башталып, долбоорду ишке кошуу 2023-жылга пландалууда.

Жаңы кызмат үчүн “Uber” өз учактарын же болбосо тик учактарын чыгарууну пландабайт, бирөк дүйнөдөгү өндүрүүчүлөрдүн учактарын анын ичинде “Aurora”, “Embraer”, “Mooney”, “Bell Helicopter” жана “Pipistrel” учактарын пайдалангысы келет.

Ошондой эле, “Uber” Лос-Анджелестеги "Sandstone Properties” девелопердик компания менен учуучу таксиге арналган токтотуучу жай тууралуу да макулдашууларды жүргүзүп жатат.

Ал эми НАСАнын өкүлдөрү бул келишим тууралуу эч кандай билдирүү бере элек. Буга чейин аталган борбор бул сыяктуу долбоорго катышып келген.

Эксперттердин пикири боюнча бул долбоордун авторлору көптөгөн олуттуу көйгөйлөргө туш болушат.

"Техникалык жактан бул ишке ашуусу мүмкүн, бирок бул аба каттамынын ачылышы менен чечиле калчу иш эмес. Мында көптөгөн суроолор жаралат, бул транспортко кантип байкоо жүргүзүлөт, камсыздандырылат жана каттоодон өтөт, бул суроонун башы ачык бойдон калууда”, - деп билдирет Бирмингем университетинин профессору Дэвид Данн.

"”Uber” өзүн келечекке багыт алган бренд катары көрсөтүп келет. Бул көпчүлүк учурда чыныгы продуктун ордуна маркетингдик кадам болушу мүмкүн", -деди Данн.

Азыркы күндө “Uber” дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнүн контролдоочу органдары менен көптөгөн көйгөйлөрдү топтогон. Анын катарында сентябрь айынын аягында компанияга Лондондо жеке унаа ташуу үчүн лицензияны узартуудан баш тартышкан факты да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!