Япондуктар “жумшак” унаа кураштырышты

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:42

Япондуктар кураштырган бул унаа бүтүндөй коргоочу жаздыктардан турат.

Хиросима шаарынын инженерлери шаар жергесине арналган унаа ойлоп табышты. “ISAVE-SC1” деп аталган транспортук каражат сырткы коопсуздук жаздыкчалары менен жабдылган түтүк рамаларынан турат. Маңдайкы терезеси “Smart” унаасынын көчүрмөсү болсо, кыймылдаткыч күчү электр чордон болуп саналат.

Унаанын ичинде отурган айдоочу үчүн коопсуздук белдемчиси, коопсуздук жаздыгы караштырылган. Ал эми жөө жүргүнчүнү жол кырсыгынан кандай коргоону япондуктар тапкан сыяктуу. «Toyoda Gosei» инженерлери бул жеңил унааны резинкадан жасашкан.

“Drugasmuga” маалыматына ылайык, үч орундукка ээ унаанын эшиги жок жана максималдуу ылдамдыгы саатына 50 км чейин жетиши мүмкүн. Япондук инженерлердин унаасы бир түрлүү көрүнсө да, инженерлердин айтуусу боюнча, долбоор жакшы каржыланган жана жакын арада “ISAVE-SC1” массалык түрдө чыгарыла баштайт. Долбоордун авторлору унаанын баасы болжолду түрдө 10 миң доллар болот дешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!