Айдоочуну уктатпаган баш кийим

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:10

"Safe Hat" баш кийими кадимки бейсбол кепкасына окшош. Бирок чындыгында ал ойдоочунун башын козгоп турчу сезимтал датчиктер бар, алар анын чарчаганын же уктап жатканын көсөтөт.

"Ford" инженерлеринин жаңы ойлоп табуусу жолдордогу кырсыктарды азайтууга жана рулда узак убакыт өткөргөн айдоочуларга арналган. Ошондуктан бул баш кийим Бразилиядагы оор жүк ташуучу унаалар бөлүмү тарабынан жасалган.

Баш кийим баштын кыймыл-аракетин сезип, анын чарчаганын же уктап жатканын көрсөтүүчү сенсолор бар. Айдоочу эстеп, уйкусу келе баштагынын сезген баш кийим дирилдеп, жарык сигналдары аркылуу кооптуу жагыдай тууралуу экертет.

«Антиуйку» баш кийиин ойлоп табуунун алгачкы кадамы калптуу козголуш кезинде жана уйку учурун көрсөтүчү козголуш айдоочунун башы козголушунун арасындагы айырмачылыкты изилдөө болду. Козголушту талдоо натыйжасында алынган даректер базасы баш кийимге жүктөлгөн. Козголушту аныктоо үчүн акселерометр жана гироскоп колдонулат.

Баш кийимди 8 ай бою сыналды. Жол коопсуздугу жана сомнология (уйку адистери) экспертери жаңы технология менен таанышып чыгып, жол кырсыктарын алдын алуучу жаңылык деп таанышты.

Сыноолор дагы деле жүргүзүлүп жатат, ал аякталгандан кийин баш кийим патенттелип, сертификаттала.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!