Аялдарга кандай унаа жагат?

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:50

Жыл сайын өтүүчү «Дүйнө жүзүндөгү аялдар автоунаасы» конкурсунун эксперттери жыл мыктысын аныктады. Жеңүүчү деп “Hyundai Ioniq” аталды. Ага ошондой эле «Жылдын жашыл автоунаасы» наамы да кошо ыйгарылды.

Жалпысынан жарышка 420 автоунаа катышкан. Ал эми калыстар тобу 20 өлкөдөн келген 25 кыз-келиндерден куралган.

«Мыкты үй-бүлөлүк унаа» атагын “Mazda CX-5” машинасы ээледи. Ал эми үнөмдүү автокөлүктөрдүн катарында “Ford Fiesta”, “Kia Rio”, “Citroen C3” да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!