“Mercedes-Benz G-Class”тын салону аябай өзгөрдү

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:28

Жаңы “Mercedes-Benz G” класстагы унаа жакында эле жарык көргөн. Дүйнөдөгү беделдүү жана таасирдүү унаалардын бири өз убакытын күтүүдө. Аны жүз миңдеген авто күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүүдө.

Жакында жаңы “Mercedes-Benz G-Class” унаасынын сүрөтү желеге тарып кеткен. «Камуфляждагы» унаанын тесттик сынагы көрсөткөндөй унаа мурдагылардан көп айырма жок экенин байкоого болот. Ал эми салону тууралуу мындай деп айтууга болбойт. Себеби анда чоң өзгөрүүлөр байкалат.

Дизайны чындыгында саркеч жана заманбап жасалгаланган. Айдоочулардын көзүнө биринчи эле – турбиналарга окшош желдеткич дефлектору урунат. Ошондой эле кабинада чоң 12.3-дюймдук мултимедиалык башкаруу үчүн сенсорлуу экран пайда болот. Виртуалдуу панел куралдары жок. Кээ бирөөлөр анын кымбат үлгүсүндө пайда болушу мүмкүн деп айтышууда.


Эскерте кетсек, 2018-жылы январь айында Детройт автосалонунда жаңы “Mercedes-Benz G-Class” тааныштырылат. Бегилүү болгондой, алюминий көп болгондугуна байланыштуу унаа мурдагы үлгүлөрүнө караганда 160 кг жеңил болот. Автоунаа 4 литрлик V8 турбиналуу же 3 литрлүү V6 турбо үйлөткү менен жабдыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!