Үч дөңгөлөктүү электрородстер

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:25

Америкалык стартап “Ampere Motors” өзүнүн алгачкы автоунаасынын прототибин - «1» деп аталган үч дөңгөлөктүү электр родстерин көрсөттү. Анын расмий тушоо кесери 1-декабрда Лос-Анджелестеги эл аралык автосалондо өтөт.

“Бул адаттан сырткары электр унаасынын ортосунда түтүктүү рама бар жана эки кошумча суспензиялуу шасси менен жабдылган. Аккумулятордун батареялары 160 километрге чейин зарядсыз жүргөнгө жетет”,- деп билдирет “Autonews”.

Компания өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, аталган моделди даярдоого тажрыйбалуу дизайнерлер, инженерлер менен авто сүйүүчүлөрү катышты. Алардын максаты «шаар ичинде жүрүүдө жана дем алыш күндөрүн көңүлдүү өткөрүүгө арналган керемет унаа» болуп саналат.

Бул автоунаанын тартымдуу көрүнүшү менен талап кылган баасы 9 900 АКШ долларын түзөт. Азыркы учурда “Amper 1” сериялык өндүрүүгө болжолдуу түрдө 80 пайызга даяр. Компания азыртан баштап 200 доллар депозити бар жаңылыкка алдын ала тапшырыштарды кабыл алууга киришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!