Дүйнөдө канча унаа бар?

6-Дек. 2017, Шаршемби, 12:12

Унааларды биз күн сайын көрөбүз. Өзгөчө ири шаарларда өзөн болуп агылып жаткан унаалардан баш айланып кетет. Узака созулган тыгында туруп «Ушул унааларындын саны канча? Деги ушулардын чеги барбы?» деген ой да келет. Ушуга байланыштуу, биз дүйнөдө канча унаа бар деген суроого жооп издеп көрдүк.

1986-жылы дүйнөдө жеңил жана оору менен бирге – баардыгы болуп 500 миллионго жакын унаа бар деп маалымдалган. Андан кийинки «Wards Auto» компаниясынын тараткан расмий маалыматына ишенсек, 2009-жылы унаалардын саны 980 милиондон ашып, 2010-жылы 1 миллиардга жеткен экен.

Андай көрсөткүчкө жетишинин себеби, Кытайда унаалардын жапырт сатылуусуна байланыштуу экенин эксперттер билдиришет. Бул өлкөдө аз гана убакыттын ичинде сатылган унаалардын саны 27 пайызды түзгөн. 2010-жылкы көрсөткүчкө ылайык Кытайда унаалардын саны 78 миллионго жеткен. Бул, өз кезегинде дүйнөдөгү унаалардын көбөйүүсүнүн башкы себеби болуп саналат.

2017-жылга карата болжолдуу маалымат тараткан эксперттер, ушул жылы дүйнөдө 78,6 миллион унаа сатылды деп билдиришет. “Navigant” борборунун статистикасында дал азыр дүйнөдө 1,2 млрд унаа бар. Ал эми 2035-жылы бул көрсөткүч 2 миллиардка жетет.

Ошого байланыштуу унаалардын саны боюнча алдынкы орундагы өлкөлөр тууралуу айта кетсек:

АКШ-бул өлкөдө жалпы унаанын саны 240 миллионду түзөт.

Андан эки эсе кичинекей жери болсо да Италия рейтингдин экинчи катарын ээлеген.

Үчүнчү орунда Япония, Франция жана Улуу Британия бөлүшүп турушат.

Төртүнчү орунга патент алган Кытай Эл Республикасы болсо, тизмектин 5 орунунда Индия турат.

Азыркы авто базарындагы сатылыш көрсөткүчүнө байкоо салган мониторинг боюнча алдынкы жылдар Кытай дүйнөдөгү автомобилдештирилген өлкөгө айланаары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!