“Tesla”нын электрофураларына чоң тапшырык берилди

15-Дек. 2017, Жума, 16:57

“Алкоголсуз суусундуктарды чыгарган “PepsiCo” “Tesla Semi” электрондук жүк ташуучу унааларын сатып алууга эң чоң алдын-ала тапшыруу жасаган - 100 даана”,- деп маалымдайт “Reuters”.

Компаниянын өкүлү Майк О'Коннеллдин билдирүүсү боюнча, бул электр жүк ташуучу унаасы АКШдагы “PepsiCo” компаниясынын азыркы унаа токточу жайын толтурат. Компаниянын башкы максаты парник газдарынын абага чыгуусун азайтуу.

Буга чейин “Anheuser-Busch InBev” ири сыра чыгаруучу өндүрүшчүлөрдүн бири Илон Масктан 40 жүк ташучу унаага тапшыруу берилген. Күйүчү майга деген чыгымды азайтуу менен бирге экологияга зыяндуу газдардын тарашын кыскартуу максатында. Компаниянын америкадагы бөлүмү “Tesla Semi”ни өз өндүрүшүн кардарларга ыкчам жана 800 км алыстыкка чейин жеткирүүнү пландоодо.

Мындан сырткары “Tesla”нын жүк ташуучу унааларын сатып алууга “Walmart” ритейлери, “J. B. Hunt Transport Services” транспорттук компаниясы, “Sysco” корпорациясы жана “DHL” логистикалык компаниясы да кызыктар. Жалпысынан Тесла 285 жүк ташуучу унаага тапшырыш алды.

Ноябрь айынын аягында “Tesla Motors” унаанын баасын жарыялады. Ал 150 миң доллар турмакчы.

Эске сала кетсек, унааны өндүрүү 2019-жылдан башталат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!