2017-жылы көп сатылган унаалар

22-Дек. 2017, Жума, 12:33

Ушул жылдын 11 айында Европада эң көп сатылган унаалардын рейтингин “JATO Dynamics” компаниясы чыгарды. Компаниянын билдирүүсү боюнча, ушул убакыт аралыгында европалык унаалардын баасы өткөн жылкыга салыштырмалуу 5,2 пайызга кымбаттаган. Бул тууралуу “VladTime” маалымат булагы билдирет.

Эң жакшы натыйжа январь-ноябрь айларында Австрия, Бельгия, Германия, Норвегия жана Люксембург базарында абсолюттук көч башчы "Volkswagen Golf” болду. Германиялык бул унаанын 445 206 даанасы сатылган.

Экинчи орунда француз “Renault Clio” компаниясы ээледи. Бул компаниянын унаалары Франция, Нидерланды жана Португалияда эң көп сатылды (298 990 дана).

Рейтингдин үчүнчү катарында “Volkswagen Polo”нун 255 370 даана унаасы өткөн. Бул унаага болгон суроо-талап 10,4 пайызга кыскарып, ал бул жылы Европанын бир дагы бир базарында бестселлер боло албады.

Төтүнчү болуп америкалык “Ford Fiesta” унаасы турат. Ал 237 770 даана унаа сатылып, Улуу Британияда лидерлик позициясын сактап кала алды. Бирок бүтүндөй Европа боюнча ага болгон суроо-талап 14 пайызга кыскарган.

Мыкты бешилтикти япониялык “Nissan Qashqai” унаасы менен толукталды. 230 860 унаа сатылып, суроо-талап 7 пайызга өскөн.

Андан кийинки орундарда француз унаасы “Peugeot 208”, германиялык "Opel Corsa”, “Volkswagen Tiguan” , “Skoda Octavia” жана акыркы орунда “Opel Astra” ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!