“Ferrari” электр унаа чыгарат

18-Янв. 2018, Бейшемби, 16:05

Италиянын “Ferrari” компаниясы кымбат жана кооз унааларды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи болуп келет. Тарыхы 1928-жылдан башталган, аталган компаниянын ысымы унаа адиси жана жарыш айдоочусу Энцо Ферраринин урматына ыйгарылган.

“Ferrari” компаниясынын башкы директору Серджо Маркьонне дагы бир долбоорду колго алууда. Ал “Tesla” электр унааларынын алдына чыгуу үчүн эми “Ferrari” унааларынын кубаттоо менен жүргөн түрүн чыгарууну көздөөдө. Анын айтуусу боюнча, бул эч кандай интрига эмес, чындык, “Ferrari” компаниясы чыгаруучу электр унаалары кубаттоочу унаа гана эмес, баардык жактан сапатына жооп берген, “Tesla” электр унаасынан да "супер" унаа болот деп ишендирди.

«Эгер белгилүү бир компания электр унааны чыгаруу керек болсо, анда ал “Ferrari” болуусу керек. Адамдар “Tesla” жеткен ийгиликке таң калышууда. Мени туура түшүнгүлө: мен Илон Маск жасап жаткан ишти жаман дебейм. Бирок биздин да бул тармакта иштеп кетүүгө чамабыз жетет», – дейт Маркьоне.

“Ferrari” компаниясынын башчысы азыркы учурда электр унааларына байланыштуу эч кандай маалымат берген жок. Ошентсе да, бир нерсе анык, ал “Tesla Roadster” жарыкка чыкканга чейин өз унааларын сунуштап жетишти. Ал эми “Tesla” көздөп жаткан унаа 2020-жылы чыгаары айтылган. “Tesla” кубаттоо аркылуу жүргөн унаасы менен таанымал болсо, “Ferrari” унаалары бир кылым ичинде адамдардын көңүлүн өзүнө бура алган унаа. Ошондуктан атаандаштык эми башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!