“Audi” 127 миң унаасын артка кайтарабы?

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:40

“V6 TDI” дизелдик кыймылдаткычы менен жабдыкталган A4, A5, A6, A7, A8, Q5, SQ5 жана Q7 моделдери артка кайтарылары тууралуу сөз болууда. Себеби ал “Евро-6” стандарттарына ылайык келбеген газдарды чыгаргандыгына байланыштуу болууда.

Германиянын автоунаа инспекциясынын (KBA) Федералдык бюросу автомобиль өндүрүчү “Audi” компаниясына бүткүл дүйнө боюнча 127 миң унааны кайра кайтарып алууга милдеттендирди.

KBA программалык камсыздоону жаңыртуу үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн автомобилдерди кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!