2019-жылы унаалардын күзгүлөрү алына баштайт

23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:45

Япондордун “Mitsubishi” унаалары толугу менен каптал тараптарындагы күзгүлөрдөн баш тартып, анын ордуна камера системасы менен жабдыкталат.

Компаниянын сайтында маалымдалгандай, айдоочуларга күзгүнүн ордуна “Mitsubishi” компаниясынын патенттеген жасалма интеллект технологиясы аркылуу байкоого мүмкүн болгон жогорку сапаттагы камерасы жардамга келет. 100 метрге чейинки система объектердин үч түрүн – жөө жүргүнчүлөр, унаалар жана мотоциклдерди тааныйт.

Камера менен объектерди таануу далилдиги 81 пайызды түзсө, ошол эле маалда күзгү менен 14 гана пайызды тааный алат. Система жеке кадрларды гана эмес, жол агымындагы өзгөрүштөргө анализ жүргүзөт.

Ошол эле 2019-жылы камералуу “Aston Martin DBX SUV” чыгышы күтүлөт.

Эскерте кетсек, 2015-жылы БУУнун алкагында иш каралып, эл аралык унаа стандарттарын иштеп чыгуу үчүн жооптуу өндүрүүчүлөрүнө күзгүсү жок унаа чыгарууга уруксат берген. Камерадагы сүрөттөр кабинанын алдыңкы панелинде атайы дисплейде көрсөтүлүп турмакчы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!