Алты орундуу “Nissan Xmotion” крассовери

25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:48

Детройттогу автошоуда “Nissan” компаниясы өзүнүн жаңы концептеги кроссовери “Xmotion”ду тааныштырды. Аталган унаанын биринчи сериядагы моделдери 2020-жылы чыга баштайт.


“Nissan Xmotion” крассовери - үч орундуу жалпысынан алты “SUV” отургучтары, көлөмү 4,59 × 1,94 × 1,70 метр жана дөңгөлөгү негизги 2,785 метр менен жабдыкталган. Кабинага кирүү ортодогу мамынын алынып салынгандыгына байланыштуу жеңилдетилген.

Концептин интерьери салттуу япон дизайнынын элементтерин футуристик чечимдерди бириктирет. Жобонун дизайнерлеринин айтуусу боюнча, пол - бул өзөн, отургучтар - кайыктар жана кабинанын ичинде өткөн ортолук консоль алдыңкы жана арткы жүргүнчүлөрдү бириктирүүчү көпүрө.

Рулга сенсорлук баскычтар аркылуу башкарылат. Жана ошондой эле, ар түрдүү системалардын негизги башкаруу мүмкүнчүлүгү бар жана ортодогу орнотулган консолдун сенсорлук тактасы аркылуу да башкарууга мүмкүн.


Айдоочунун аутентификациясы манжа издерин сканерлөө аркылуу ишке ашат жана “беспилотный” абал да караштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!