“Bentley”эми “iPhone X” смартфонун чыгарат

3-Фев. 2018, Ишемби, 10:27

“Bentley” автоунаа компаниясы эксклюзивдүү, алтын жалатылган “iPhone X” смартфонун чыгарат.

Жаңы түзүм “Apple” смартфонунан өзгөчө. Мында алма логотибинин ордуна автокомпаниянын логотиби орнотулган. Арткы панелинде компаниянын аталышы жазылган. Корпусунун жээктери 750 пробадагы алтындан жалатылган.

“Bentley” бар болгону 100 даана “iPhone X Special Edition” чыгарган. Түзүм компания сайтындагы товарлар тизмесинде жок. Смартфонду унаа сатып алган учурда гана алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!