"Казакваген" деген унаа чыкты

9-Фев. 2018, Жума, 14:55

Чет элдик брэндди Казакстандын Жамбыл облусунун тургуну Төлөгөн Юсупов кураштырган. Мал айдап жан баккан жөнөкөй адамдын колунан тоо ташка айдоого жараган унаа жаралды.

Аталган унаа үч дөңгөлөктүү мотоциклден жасалган. Өтө пайдалуу жана үнөмдүү. Кураштыруу учурунда мотоциклди кыймылдаткыч жана руль менен жабдыган. Сыртын аллюминий менен каптап, ичине меш, желдеткич жана музыка угууга арналган аппарат орнотулган.

Унаа саатына 80 чакырым ылдамдык менен жүрө алат. Ал 100 чакырымга болгону 1 литр күйүүчү май сарптайт. Казаквагендин ичине 3 адам эркин батат. Бул автоунаанын жардамы менен тоо ташты аралап жүрүүгө ыңгайлуу. Унаа ушул максатка арналып жасалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!