Дүйнөдөгү эң ылдам унаа-“Bugatti Veyron”

13-Фев. 2018, Шейшемби, 12:34

“Bugatti Veyron” – дүйнөдөгү сериялык үлгүдөгү чыгарылган эң ылдам унаа. 2010-жылы тиркелген эң жогорку ылдамдыгы саатына 431 чакырымды түзөт.

Автомобилдин аталышы белгилүү француз унаа жарышчысы Пьер Вейрондун урматына коюлган. Ал 1939-жылы Ле-Манда өткөн эл аралык жарышта жеңүүчү болгон.

-“Bugatti Veyron” дүйнөдөгү эн кымбат унаалардын катарына кирет. Унаанын баасы 1.4 миллион евродон башталат.

“Bugatti” бренди менен чыккан кээ бир унаалар чектелүү нуска менен чыккан.

-Дүйнөдөгү эң ылдам унаа статусуна ээ болгон унаа күйүүчү майды ошончолук көп сарптайт. Эгер суперунаа эң чоң ылдамдык менен жүрсө, 100 чакырымга 125 литр бензин жумшайт. Бул көрсөткүчтү азырынча дүйнөдө эч бир унаа кайталай алаган эмес.

- “Bugatti Veyron” үлкөн ылдамдыкта келе жатып, болгону 10 секундда токтой алат. Себеби керектүү салмакка ээ болгондугунда.

- “Bugatti Veyron” кыймылдаткычтарынын кубаты 1040 ат күчүнө чейин барат. Ошентсе да, расмий жарыяланган маалымат 1001 ат күчүн көрсөтөт. Унаанын ысуусун басуу үчүн 10 радиатор колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!