Унаанын кузов түрлөрү

16-Фев. 2018, Жума, 11:18

Унаанын кузову – жүргүнчү менен жүктү ташууга арналган унаанын бир бөлүгү. Кузов унаанын рамасына бекитилет. Рамасы жок кузовдордун түрлөрү да болот.

Аларга унаанын калган тетиктери бекитилет. Жеңил унаалардын кенен таралган кузов түрлөрүн карап көрсөк.

Минивэн – унаанын ролу машинанын алдыңкы бөлүгүнүн үстү жагында орун алган, чакан жүргүнчүлөрдү ташымалдоо арналган кузов түрү. Буга япондук жана корейлик унааларды киргизсек болот.

Кабриолет – жыйналмалуу төбөсү бар кузов түрү. Жумшак жыйналмалуу тент менен алынып салынмалуу терезе менен жабдыкталган. Эл аралык классификацияга байланыштуу бул унаалардын терезелери түшүрүлбөйт, чечилет.

Купе – эки же болбосо үч өлчөмдүү эшиктери бар жүргүнчүлөр кузову. Бири негизги жана экинчиси кошумча отургучтар катары менен жабдыкталган.

Лимузин – жүргүнчү кузову, биринчи менен экинчи катарлардын арасы жабылып ачылат. Германияда мындай кузовду унааларды “Pullman” деп аташат. Кээде лимузин деп курамында 3төн кем эмес отургучтар катары болгон унааны аташат.

Пикап – жүргүнчү менен жүктү ташууга арналган кузов түрү. Жүк салынуучу платформасы ачык түрдө жасалган. Унаанын кабинасы менен жүк салгыч жери стационарлуу жабдык менен ажыратылган.

Родстер – ачык, эки орундуу жүргүнчүлөргө арналаган кузов. Алынмалуу, жумшак төбөсү бар.

Седан – үч көлөмдүү, төрт эшиги бар унаа кузовунун кенен таралаган түрү. Чет өлкөлөрдө башка аталыштарга ээ: АКШ - Sedan, Англия – Saloon, Франция – Berline, Германия – Limousine, Италия – Berlina.

Универсал – чоң көлөмдүү жүктү ташууга мүмкүн болгон жүргүнчүлөр кузову. Арткы отургучтар катарын алып таштоого болот. Ошонун кесепетинен жүк салгычтын көлөмүн чоңойтууга мүмкүндүк бар. Эки көлөмдүү, арткы эшиги бар кузовдун жүк салгыч оруну жүргүнчүлөр салонунан темир дубал менен бөлүнгөн эмес.

Фургон – кузову жабык жүк унаасы. Жүк менен жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа кузову. Жүргүнчү менен жүк орундары бири-биринен темир дубал менен ажыратылган. 80-90 жылдары кошумча отургучтар менен терезе менен жабдыкталган унаалар чоң суроо-талапка ээ болгон. Башка аталыштары: Англия - Van, Германия - Kastenwagen, Франция - Fourgonette.

Хэтчбек – универсалга окшош кузов түрү. Айырмачылыгы эңкейтилген арткы эшигинде, ошондуктан жүк салгычтын көлөмү да кичирээк болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!