Учуучу такси сынактан өттү

24-Фев. 2018, Ишемби, 14:52

"Airbus" компаниясы "Vahana" долбоорунун негизинде жасап жаткан "Alpha One" алгачкы таксисин сынактан өткөрдү. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымдайт.

Компания адистери январь айынын аягында Пендлтонда (АКШ, Орегон штаты) учуучу таксини сынактан өткөрдү. Сынак учурунда учуучу такси бийиктикте 53 секунд болуп 5 метрге жакын жерге чейин учкан. Айдоочусу жок такси экинчи сынак учурунда мындан дагы узагыраак учат деп айтылууда.

"Alpha One" таксисинин туурасы – 6,2 метр, узундугу 5,7 метрге жетет. Ал эми бийиктиги 2,8 метр. Такси 745 кг салмакты көтөрө алаган күчкө ээ. Кабинага бир гана адам батат. Азыр пилотсуз учуруп, сынактан өткөрүшүп жатышат. Компания учуучу таксини заттарды ташымалдоо максатында пайдаланууну көздөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!