Толугу менен кайра иштетилчү унаа

2-Март 2018, Жума, 17:01

Акыркы бир нече жылда Нидерланддагы Эйндховен технологиялык университетинин "Ecomotive” тобу келечектеги шаардын электр унаасынын концепциясын даярдады. Быйылкы жобонун аты – “Ной”, ал дүйнөдөгү эң алгачкы кайра иштетүүчү автомобиль болуп саналмакчы. Эки орундуу электр «Ной» (ЭМ-05) биокомпозиттер менен биопластиканын жардамы менен салынган "Ecomotive” тин бешинчи концепциясы болмокчу.

Биокомпозит негизинен зыгырдан жасалган жана “Ecomotive” тобунун билдирүүсү боюнча, айнек-жипчелери (стекловолокно) сыяктуу эле бирдей күчкө жана салмактык катнашка ээ.

350 килограммдык электр унаасынын 90 пайызы жаңыланган материалдардан турат. Полипропилен “PLA”дан өндүрүлгөн кант кызылчасына алмаштырылган. Бул биокомпозициялуу «сэндвичтин» толугу менен кайра өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Шасси жана ички панельдер алынып салынмалуу. Бул өндүрүштө ушул элементтерди кайра иштетип чыгууга мүмкүндүк берет.

Шаардык унаанын концепциясынын эшигинде “NFC” датчиги болот. Ал аркылуу унааны смарт –түзүмдөрү аркылуу блоктоого мүмкүндүк берет.

Эми бул долбоор аякталгандан кийин иштеп чыгуучу топ унаанын курулушун баштайт. Андан кийин «Ной» коопсуздук жана жарамдуулук үчүн сынактан өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!